Простатита кантип дарылоо керек

ERKINDIK.RU

Эркектер дарысы.

  • Жакты
  • Жакпады

Jurogum 15 Jan 2015

Эркектин жалкы без(предстательная железа) -ото кичинекей, бирок эркектер учун ото маанилуу орган. Ансыз эркектин толук кандуу жашоосун элестетуу мумкун эмес.Тилекке каршы, ушул орган коп илдеттерге кабылып келет. Андай илдеттердин эн эле кенири тараганы -простатит менен простатанын без шишиги (аденома)

Эркектер эмнеден коркот?

Азыркы мезгилде дуйно жузундо 20 жаштан 50 жашка чейин ар бир бешинчи эркек жалкы бездин жугуштуу,сезгенуу оорусу-простатитттен жабыркап келет. Ал эми 40 жаштан 60 жашка чейинки мырзалардын копчулугу простатанын без шишигинин оорчуп кетуу коркунучуна тушугат.Бул коркунучтуу дарт эркекти жалкы безинин заласыз гиперплазиясы (ЖБЗГ)деп аталат.Окмуштуулар анын орчушундогу негизги ролду жаш куракка байланышкан гормоналдык фондун озгорушу ойнойт деп эсептешет.Бул негизинен эркектердин гормону болгон те стостерондун концентрациясынын ылдыйлашына байланыштуу. Ошондой эле простатанын без шишигинин оорчушундо негизги ролду простата тканынын клеткалары оскон жана баш аламан болунгон кезде «осуу фактору» деп аталган жумуштагы бузуулар ойнойт.

  • Жакты
  • Жакпады

Jurogum 15 Jan 2015

Кантип айыктыруу керек?

Простатти жана ЖБЗГ ны дарылоонун татаалдыгы бул оорулардын клеткалык жана ткандык денгээлинде оорчушу менен байланышта. Медицинада бул оорулардын алдын алуу мумкунчулукторун жакшыртуучу жетишкендиктер менен ачылыштар болуп жатканына карабастан дарылоо аракеттери келип келип баягы эле салттык дары-дармек терапиясына такалат. Бул дарылоо жолдору акыр-аягы хирургиялык кийлигишуу менен бутот.
Бирок эркектин жалкы безинин ооруларын дарылоочу дары-дармектердин саны коп деле эмес.Акыркы 10-20 жыл аралыгында бул ооруну дарылоодо негизинен альфа-адреноблокаторлор,5альфаредуктаздын ингибиторлору, осумдуктордон жана жаныбарлардан алынчы дарылар, ал эми бактериялык простатитте ага кошумча антибиотиктер колдонулуп келе жатат.Бул даары дармектердин ар бир тобунун жетишкендиктери менен катар кемчиликтери да бар. Бироосу симпоматиканы женилдеткени менен, шишиктин осушун токтото албайт. Башкалары болсо, аденоманын осушун токтоткону менен эркектин репродуктивдуу жана сексуалдык функцияларына терс таасирин тийгизип келет.
Бирок окмуштуулар простатанын ооруларынын онугуу механизимдерин ачуу менен бул процесстерге туздон-туз таасир этуучу жаны дары каражаттарын табуунун устундо иштеп келишти.
Айтсак 1087 простата без шишигинин жаратылышында простата спейификалык антигендин (ПСА)ролун аныктоо менен, ПСАнын активдуулугун жонго салуучу антителолордун негизинде жаны дары ойлонуп табылды. Ал дарынын аты Афала.

Простатит кантип дарылоо керек

Адамдын денеси эки нерседен турат, биринчи денеси жана жаны. Бул эки нерсенин жашашы үчүн кубат алат, кубаттануу үчүн тамак жейт жана рух дүйнөнү байытыш үчүн көңүл ачып, телевизор көрүп, ыр угуп, ыр ырдап, китеп окуп,дүйнөгө саякат жазайт.ж.б.

Бул адамдын укугу дейли. Ал эми адамдын өз денесине болгон милдети бар. Аны толук аткарып жатабызбы жок. Милдети: биологиялык саат боюнча туруп, өз убагы менен тамактанып, өз убагы менен жатып уктап, эс албайбыз.

Мен адамдын даарат алуу милдети жөнүндөгү маселени жалпыга койгум келди. Даарат алууда жазылып турат- дааратканада жай олтур, жерге жакын олтур, көңүлүң жайлангыча олтур, оозуңду жаап олтур деп. Ден соолугум таза болсун, көп жашайм десеңиз чычаңыңыз жерге жакын, чокчоюп олтуруш же бүркүт олтуруш менен заара кылгыла. Эгерде энурез (заара коё берип коюу), простатит (шейшеби бекип калуу), цистит (табарсыктын боштугу) жана аденома (туттугуп калуу), импотент (букан) бөйрөктө таш, табарсыкта таш, бөйрөгүм оорубасын десеңер аялдар 1,5 минута, эркектер 2 минутага чейин дааратканада олтуруп заара кылгыла.

Аны аткарып жатабызбы: жок, эркектер туруп заара кылышат, аялдар табарсыктагы заараны төгүп алып чыга беришет. Кептин баары ушул жерде болуп жатат.

Батыштагы элди туурап, туруп заара кылуу менен чаткаяктагы жалкы без (просто жалко) кыпчылып калып, чоңдугу 5 см салмагы 50 грамм болгон зат, мээден барган импульс -сигналды аткара албай калат , ал эми олтуруп заара кылганда денеде физиологиялык функциялар жүрүп, моторика иштеп, табарсыкта, бөйрөктө пайда болгон суюктуктун сыртка чыгышына өбөлгө түзөт, каналчалар кеңейип, жыныстык мүчөгө кан толуп, жарым-жартылай эрекция пайда болуп, бөйрөктө жана табарсыктагы суюктук менен бирге майда нерселер (кумдар ) кошо сыртка чыгат. Бул бөйрөк менен табарсыкта таш, кум пайда болуусунан арылтат.

Себеби: эркек олтуруп заара кылууда чаткаятагы жалкы без жана булчуң чоюлуп кыймылга келип, без өзүнүн физиологиялык функциясын мээден барган импульс менен моторикасы иштеп, заараны сыртка чыгарууга аракет кылат, ийилчектигин жумшактыгын жоготпойт жана карыган кезде да жумшак бойдон калат.

Туруп заара кылуу, бара-бара эркекке көнүмүш адатка айланат, жаш өткөн сайын чаткаяктагы жалкы без (просто жалко) өз кызматын аткаруудан четтеп, мээден барган буйруктарды аткара албай калат, без жылдан-жылга шишип,катып өзүнүн жумшактыгын жана ийилчектигин (эластичность) жоготуп, кошумча бездер пайда болуп чоңоюп, түтүкчөлөрдү кыса баштайт. Бул өзү простатит (шейшеби бекип калуу) андан кийин туттугуп калуу( аденома простаты, рак предстательный железы) дартына алып келет, аягы катып калган безди скалпель менен эмес сындырып алууга тура келет.

Бул дарттарды изилдөө үчүн дүйнөдөгү элдердин дааратканаларына интернет аркылуу кирип көрдүм. Мусулман өлкөлөрүндө простатит дарты жок экен,болсо да аз экен. Японияда, Кореяда, Кытайда да жок экен. Бул өлкөлөрдө отуруп заара кылуу менен адамдар узак жашайт экен. Японияда аялдардын орточо жашы 83, эркектер 79 жаш. Алар чокчоюп олтуруш же «бүркүт отуруш» менен ичтейин тазалап, уулуу заттардан арылышат. Японияда чай церемониясы, гүл церемониясы сыяктуу эле даараткана церемониясы бар.

Илгери аталарыбыз сол тизеге таяна калып заара кылчу, азыр орустарды туурап туруп заара кылуу менен кыргыздын эркектери жашыбызды кыскартып жатабыз.

Апаларыбыз баланы алдына алып олтуруп, бир топ убакыт кармап заара кылдырчу.

Тамакты жарым саат,бир саат, той берсең бир күн кечке тамак жеп, 2 минутаны дааратканага коротуп, отуруп заара кылсаңыз, эч качан кемип калбайсың.

Короодогу дааратканаң талапка жооп берсин. Эркек балдарды кичинекейинен 1 минутага чейин олтуруп зараа кылганга көндүргүлө, бала бакчадан, мектептен үйрөткүлө. Кыз балдар дагы 1 минутага чейин олтуруусу керек. Колунан келгендер унитазды (кан такты) Европалыктардын өздөрүнө бергиле, биде же жапыз унитаз орнотуп алгыла (горшоктун бийиктигинде). Япондук унитаз, туркиялык унитаз-Чаша Генуя орнотуп алгыла. Бөтөнчө шоферлор, бухгалтерлерге, кечке компьютерде отургандарга, стол кучактап чекесин жерге тийгизгиси келбеген кур чирендерге, ооруп калса врачка жүгүргөн, айыгам деп тепкичтин эки-үчүн бир аттагандарга, адам болом деп Адамолду кочуштап ичкендерге, велосипед тепсем , атты жайдак минсем айыгам дегендерге эң жөнөкөй эреже.

2 МИНУТА ЧОКЧОЮП ОЛТУРУП ЗААРА КЫЛУУ.

Унитазды колдонуу 1790-жылдарда Англияда Элизавета падыша үчүн ойлонуп чыгарылган. Ал эми Японияда узун аштоо,Түркияда жана мусулман өлкөлөрүндө жердеги унитаз- чаша «Генуя» колдонулат. Бул өзү биринчиден жерге жакын болот жана ден соолукка жакшы дешет.

Бизде коомдук туалеттерде писсуарлар жана дубал бетинде арыктар колдонулат. Бул архитектуралык шедеврларды жок кылуу, эл ичинде отуруп заара кылууну үйрөтүү менен жогорудагы дарттардын алдынан алган болобуз. Адам баласы миллиондогон, миңдеген жылдардан бери олтуруп заара кылып келген, кийинки 100-200 жылдан бери бул адат бузулду,

Исследование показало, что почти у 75% из людей в возрасте более 60 лет, которые скончались из-за тех или иных причин, кроме разнообразных болезней также был и рак предстательной железы.

Читайте также:  Аналог омника от простатита

Кроме того, почти каждый третий житель США или Европы в возрасте от 30 лет имеет определенные проблемы как с потенцией, так и с предстательной железой. А вот на востоке ситуация кардинально отличается – там отмечаются одни из самых низких в мире показателей рака простат.

Балдарыбыз кичинекей кезинен олтуруп заара кылса, ар бир адам заара кылууга 1,5-2 минута убакыт сарптасак энурез, цистит,простатит жана аденома оорусуна кабылбайбыз, дене таза болуп узак жашайбыз бул оорулардын алдынан алган болобуз. Буга көңүл бөлүү жана убакыт бөлүү керек. Тамакты кандай рахатанып жесек ошондой эле рахаттанып денедеги артык баш нерселерден арылуу керек. Аялдар дааратканада көбүрөөк олтуруп денесин тазалоо менен уулуу заттардан арылгандыктан эркекке караганда көп жашашат. Аялга караганда эркектин суюктукту сыртка чыгаруучу жолу татаал жана узак. Дааратканаларда жарнактарды илүү керек.

Мисалы: Эркектер карыганда заараң чыгып турсун десениз, эмитен отуруп заара кылыныз.

Современные японцы сидят в туалете на корточках в т. н. туалетных шлёпанцах. Надпись слева от вертикальной трубы гласит: «Пожалуйста, сядьте на корточки» Кстати, привычная для наших сельских уборных «позиция орлом» органична и для современной Японии — там до сих пор в ходу достаточно современные туалеты такого типа. Считается, что сидеть на корточках без контакта с унитазом и гигиеничнее, и полезнее для здоровья.

Швеция парламентинин атайын указы.

Шведский парламент обяжет мужчин справлять малую нужду сидя.

На этой неделе шведский парламент рассмотрит законопроект, обязывающий мужчин справлять малую нужду сидя. Его инициатор, Вигго Хансен, депутат мужского пола от левой партии, полагает, что это позволит повысить гигиену, укрепить равенство между мужчинами и женщинами и побороть рак простаты.

Но речь идет не только об общественных туалетах. По мысли авторов законопроекта, если мужчин приучить к сидячему хождению по нужде, количество семейных ссор значительно уменьшится. Они также полагают, что привычка «писать сидя» «поможет профилактике рака простаты». Они уверены, что сидячая поза улучшает сексуальную жизнь сделает ее более . «продолжительной».

Жакында Кочкор райондук “Эмгек туу” газетасында “Заараны кармай албай калууну жашыруу эмес дарылоо керек” макаланы окуп алып таң калдым. Бул жаратылыш берген денесин башкара албай калуу. Анын физологиялык функциясын так аткарбоо менен заарасы токтобогондорду , табарсык сфинктерин ичкертүү башталыптыр. Ошол операция жазап жаткан врач, а дегенде канча убакыт дааратканада олтурасың деп суроо берүүсү керек эле. Суюктук адегенде бөйрөктө топтолуп, түтүкчөлөр менен табарсыкка келет. Бөйрөк менен табарсыкты бир олтурушта бошотуу керек. Табарсыкты бошотуу менен көйгөй чечилбейт,1,5 минута убакыт керек. Ушул сфинктерин ичкерттирген аялдар базарда иштегендер болсо керек. Эми түтүк койдуруу эле калыптыр. Европада сатып жатат , балким бизге деле келгендир.

Эгерде кыргыз элинин генофондусу, ден соолугу таза болсун,кыргыз элинин саны көбөйсүн десек , бул ишти токтоосуз изилдеп, менин оюм туура болсо тезинен элге жайылтуу керек. Дүйнөлүк денгээлде дааратканалар ар түрдүү болгону менен ал адамдын расалык, класстык,социалдык, жана жашына карабастан,баардык адам баласына бирдей экендигин, адам баласынын денесинин чакырыгы менен денени тазалоодо заара кылуу да, философиялык мааниси бар экенин: денеңи тазалоо менен жан дүйнөңдү тазалайсың деген терең маанидеги сөз менен аяктагым келет.

“ЫЙЫК МУРАС” коомунун төрагасы Кайырбек Коңурбаев.

Колдонулган адабияттар:

Дивов Андрей -Сосуды тайн.Туалеты и урны в культурах народов мира.

Исла́мский туале́тный этике́т (араб. آداب الخلاء‎‎‎) Автор: Алексей Хисматулин и др.

Японский туалет в современном доме. Туалеты в Японии.

Материал из Википедии —свободной энциклопедии: Напольный унитаз ча́ша «Ге́нуя»,

Французский напольный унитаз, Моча.Уринация и поведения. / Под ред. А. В. Калуева.

Обсуждение этикета уринации в Википедии, Мочеиспускание, Дефекация, Позиция дефекации на корточках. туре́цкий унита́з.А. Н. Мещеряков Японские туалеты и урны.2000-г. Швеции общественные туалеты будут общими!

Туалеты в системе общественных построек Древнего Рима.

Китай: туалеты и урны. Полевые заметки.Кое-что о корейском туалете

Об обычаях санитарии и гигиены у народов Южной Азии.Туалеты и урны: ислам

Название: Сосуды тайн: Туалеты и урны в культурах народов мира

Автор: Алексей Хисматулин и др.Издательство: Петербургское Востоковедение .год издания: 2002.

Простатит кантип дарылоо керек

«Мага простатит оорусу менен көп кайрылышат»- Роман Дадажанов.

Мен уролог-андролог болгондуктан мага простатит оорусу менен көп кайрылышат.
Мындан тышкары тукумсуздук жана уретрит дартына чалдыккандар да келишет.
Майда-барат оорууга дуушар болгондору деле бар.
Бирок эң негизгилери жогоруда аталган дарттар болууда.

Көп кыймылдаш керек. Жөө басуу зарыл. Чуркасаң андан да жакшы. Маалында тамактануу абзел. Стресстерден арылыш керек. Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан сактануу кажет. Кыш мезгилинде иммунитети начарлаганда витаминдерди жеш керек. 15 жаштан кийин жок дегенде 2-3 жылда бир ар бир жигит андрологтун текшерүүсүнөн өтүп турушу зарыл. Анткени бул куракта эркек адамда гормоналдык өзгөрүүлөр болот.

Менде андай нерсе болгон жок. Пациентке ар кандай ыкма менен диагнозун угузса болот. Бул эми дарыгердин жеке тактикасына байланыштуу. Медицина алсыз болгон дарттар болсо, колумдан келбейт деп сылык айтам. Бирок максималдуу түрдө дарылаганга аракет кылам. Билимим жетпей калса, Улуттук урология борборуна жиберем. Ал жактан керектүү кеңештерди алышат. Керек болсо профессорго жиберем. Кээ бир учурларда дарыгерлер чогулуп, коллегиалдуу чечим кабыл алыш керек болуп калат.

Мактангандай болбоюн. Бирок бизге Астана, Алматыдан пациенттер келип турушат. Силерде урологтор жокбу деп сурасаң, Бишкекте жакшы карап, мыкты дарылай билесиңер дешет. Анын үстүнө казактар бизде дарылангандыгы үчүн кыргыз жарандарындай эле төлөшөт. Кошумча төлөм беришпейт.

Азыркы учурда скайп, WhatsApp дегенди колдонгондор көбөйдү. Аны эске алуу менен онлайн кеңеш берип келебиз. Мисалы, алыскы Баткенден пациент ооруп калса, скайп аркылуу кайрылып, ооруган жерин көрсөтөт. Ага карата биз тийштүү кеңештерди берип, кайсы анализдерди тапшыруу керектигин айтабыз. Андан соң анализдердин жыйынтыгын бизге скайптан же WhatsAppтан жиберет. Биз болсо ага дарыларды жазып беребиз. Анткени ооруканага келбей эле үйдөн интернет аркылуу дарыгерге көрүнсө болот. Эми бул нерсени мыйзам аркылуу бекемдеп, онлайн кеңеш берүүнү өнүктүрүш керек деген ойдомун. Бирок баардык эле дарттарды скайп аркылуу көрүп кеңеш бербейбиз. Айрым учурда пациентти чакырып, жакындан карап көрүшкө туура келет.

Келечекте жогоруда айтып өткөндөй, онлайн кеңеш берүү өнүгөт. Андан тышкары жарандарыбыз дарыларды врачтын көрсөтмөсү менен үйүнөн эле заказ бере баштайт. Аларга керектүү дарыларды дрондор жеткирип барышат.

Мырзалар келечекте балалуу болом дешсе, анда сөзсүз түрдө уролог дарыгерге көрүнүүсү зарыл. Өзгөчө үйлөнөөрдүн алдында бир сыйра текшерилиш керек. Эгер кандайдыр бир инфекцияны жуктуруп алып жүрө берсе, үйлөнгөндөн кийин аялын да оорукчан кылат. Эң жакшысы, жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан сактануу керек. Мындан тышкары жаман адаттардан тамеки чегүү, насывай атуу, ичкилик жана баңгизаттарынан алыс болушса. Булардын баары эркектин ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Эгер эркек адам өзүнөн кандайдыр бир ооруну байкаса, кечиктирбей дароо дарыгерге кайрылышы абзел. Баса белгилей кетейин, 100 пайыз кепилдик берип айыктырабыз деген лицензиясы жок урологторго барбагыла. Алар алдамчылар. Ден соолугуңарды талкалап эмне кыласыңар. Өзүнүн ишин мыкты билген урологторго гана кайрылгыла.

Читайте также:  Инфекцию не обнаруживают а простатит есть

Источники: https://erkindik.ru/forum/topic/968-эркектер-дарысы/, https://kghistory.akipress.org/unews/un_post:7315, https://www.ktrk.kg/post/19709/kg

Источник

Простатит — бул эркектердин жумуртка безинин сезгенүүсү, андагы шишик. Көп кездешүүчү урологиялык бул оору 20-50 жаштагы эркектерде болот. Ошентсе да 50 жаштан өткөн эркектердин арасында простатиттен жабыр тарткандар көп кездешет. Оорунун өнүгүшүнүн жана курчушунун күнөөкөрлөрү ар кандай факторлор болушу мүмкүн. Мисалы:
Инфекция. Простатиттин өнүгүшүнүн негизги себеби — инфекциялык оорулар. Мисалы, гонорея, хламидиоз, микоплазма жана башка ушул сыяктуу.
Организмдин өтө муздап кетүүсү. Үшүү да простатиттин бир себеби. Ушуга байланыштуу тоо лыжасы, серфинг сыяктуу кышкы спорт оюндардын сүйүүчүлөрүнүн арасында простатитке чалдыккандар көп кездешет экен.
Аз кыймыл. Аз кыймылдуу жашоо образында жүргөн эркектер да простатитке көп чалдыгышат. Өзгөчө шаардыктардын арасында машинадан — компьютерге, компьютерден — телевизордун маңдайындагы диванга. Ушундай “жыргал” жашоодо өмүр сүргөндөр көп. Мындан жамбаштын айланасындагы кан айлануу начарлап, простатиттин пайда болушуна жеткирет.
Аягына чейин дарыланбаган оорулар. Бронхитти, ангинаны, гайморитти аягына чейин дарылабаса, булар простатиттин өнүгүшүнүн себепчиси болот. Анткени, организмдеги оору пайда кылуучу бактериялар кан менен кошо сезгенүүнүн очогуна барып түшүшү мүмкүн.
Стресс. Жаш кездеги спорт менен чегинен ашыкча машыгуу, уйкунун канбастыгы, туура эмес тамактануу, күнү-түнү тынбай иштөө адамдагы стрессти пайда кылат. Организмге физикалык жана психикалык күч келтирүү организмдин коргоочу күчтөрүн алсыздантып, “уктап жаткан” бардык инфекциялардын башын көтөртөт.
Жыныстык катнаштын узак убакытка болбоосу. Бир айда эки жолу же андан да аз ирет жыныстык катнашта болгон эркектердин простатит менен оору коркунучу жумасына 2-3 жолу жыныстык катнашта болгон эркектерге караганда үч эсе жогору болот.
Алкоголду көп колдонуу. Спирт ичимдиктерин көп ичкен адамдын кан тамырлары кеңейет. Бул башка органдар менен катар эле жумуртка безине да терс таасир этет.

Простатиттин белгилери:
Чаттын айланасындагы үзгүлтүксүз оору
Жыныстык катнашка болгон каалоонун төмөндөшү
Заара кылуу учурундагы кызытып, ачыштырып оору
Зааранын тамчылап чыгып, ал толугу менен чыкпай калгандай сезим
Жыныстык мүчөдөн аккан тунук же бозомук суюктук
Жыныстык катнаштын узактыгындагы өзгөрүү (уруктуктун тез түшүп калышы же тескерисинче, көпкө чейин түшпөй коюшу)

Оргазмдын азайышы дарылабаса эмне болот?
Простатит эч качан өзүнөн-өзү айыкпайт. Оорунун алгачкы белгилери байкалган соң дароо дарыгерге кайрылбай жүрө берсе, оорулуунун абалы начарлагандан начарлай берет: дене табы 39-40 градуска чыгат, заара кылгандагы оорусу аябай күчөйт, заарасы тамчылап чыгып калат. Зааранын кармалышы бөйрөк оорусуна жеткириши мүмкүн. Анан болжол менен эки айдан соң ал өнөкөт простатитке өтүп кетет. Простатиттин эң кооптуу жагы ушул. Өнөкөт простатитте адам эч нерсе сезбейт, ошондуктан, ал айыгып калды деп ойлошу мүмкүн. Бирок бул жаңылыштык. Өнөкөт простатитти дарыгерлер “уктап жаткан вулканга” салыштырышат. Анткени, ал бир күнү болбосо бир күнү сөзсүз организмден атылып чыгып, курч кармайт. Өнөкөт простатитти дарылап айыктырууга болот, бирок ал көп убакытты талап кылат. Ал эми өнөкөт түрүнө өтпөй туруп урологго кайрылып, дарылануу көп болсо 10 күндү талап кылат.

Өнөкөт простатит
эмнеге алып барат?
Эркектик кубаттын бузулушуна, атүгүл импотенцияга чейин жеткирет
Сексуалдык каалоонун жоголушуна (өнөкөт простатит эркектин жыныс гормондорунун иштелип чыгышын төмөндөтөт)
Зааранын чыкпай калышына. Бул оорулуунун өмүрү үчүн коркунучтуу
Тукумсуздукка (өнөкөт простатит сперманын сапатын кескин начарлатат)
Жумурткалыктагы сөөктүн же таштын пайда болушуна
Сексуалдык ийгиликсиздиктин айынан пайда болгон психикалык бузулууларга

Простатитти үй шартында дарылоо

Пияз. Оорунун белгилери жаңыдан башталып келатканда орточо көлөмдөгү пияздан бир баштан жеп турган адам оорунун андан ары өнүгүшүнө тоскоолдук кылган болот. Ошондой эле көк пияз да простатитти дарылоодогу натыйжалуу каражат болуп эсептелинет. Анткени, пияздын бул эки түрүндө тең цинк, темир, жез көп. Бири-биринин таасирин күчөткөн бул үч элементтин эсебинен пияз организмдин картаюусунун алдын алат. Муну менен кошо эле жыныстык гормондорго оң таасир берет.
Ашкабактын ширеси жана данеги. Простатитти айыктыруучу дагы бир натыйжалуу каражат — ашкабактын ширеси. Аны үч жуманын ичинде күнүнө 1 стакандан ичүү зарыл. Ошондой эле ашкабактын данеги да бул ооруну айыктыруучу касиетке ээ. Анын сыртындагы катуу кабыгын алып салып, бирок жашыл түстүү чел кабыгы менен күнүнө 100-120 граммдан жеш керек. Дарылоо курсу — 1 ай.
Пияз жана бал. Пияздын 300 грамм боткосуна 100 грамм балды, 600 грамм кургак ак шарапты кошуп аралаштырып, салкын, караңгы жерге бир жума коюп коюу керек. Жакшылап аралаштырган соң тундуруп, күнүнө 3 маал 2-4 чоң кашыктан ичүү өнөкөт простатитти дарылоого жакшы жардам берет.
Өзүнүн заарасы. Оорунун баштапкы стадиясында оорулууга өзүнүн заарасын ичүү сунушталат. Күн сайын эртең менен ачкарын 0,25 литрден бир ай тынымсыз ичүү простатиттин андан ары өнүгүшүнө тоскоол болот.
Петрушканын уругу. Муну талкан сымал майдалап, 4 чай кашык талканды 1 стакан кайнак сууга салып 15 мүнөт кайнатуу керек. Муздаган соң тундуруп, күнүнө 4-6 жолудан 1 чоң кашыктан ичүү сунуш кылынат.
Ачкачылык кармоо. Эгерде оорулуу семиз болсо, ага ачкачылык кармоо сунуш кылынат. Бирок ал убактылуу эле жардам берет. 1-2 күн ачка болуудан заара чыгаруу жеңилдеп, жагымсыз сезимдер жоголот. Зарылчылыкка карата бул ыкманы маал-маалы менен кайталап турууга болот.
Жашылчалар ширеси. Бадыраңдын, кызылчанын, сабиздин бирдей өлчөмдөгү ширелерин аралаштырып, күнүнө 3-4 жолу жарым стакандан тамактанууга жарым саат калганда ичүү керек.
Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА

Источник presskg.com

“Мага простатит оорусу менен көп кайрылышат”- Роман Дадажанов.

Мен уролог-андролог болгондуктан мага простатит оорусу менен көп кайрылышат.
Мындан тышкары тукумсуздук жана уретрит дартына чалдыккандар да келишет.
Майда-барат оорууга дуушар болгондору деле бар.
Бирок эң негизгилери жогоруда аталган дарттар болууда.

Көп кыймылдаш керек. Жөө басуу зарыл. Чуркасаң андан да жакшы. Маалында тамактануу абзел. Стресстерден арылыш керек. Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан сактануу кажет. Кыш мезгилинде иммунитети начарлаганда витаминдерди жеш керек. 15 жаштан кийин жок дегенде 2-3 жылда бир ар бир жигит андрологтун текшерүүсүнөн өтүп турушу зарыл. Анткени бул куракта эркек адамда гормоналдык өзгөрүүлөр болот.

Менде андай нерсе болгон жок. Пациентке ар кандай ыкма менен диагнозун угузса болот. Бул эми дарыгердин жеке тактикасына байланыштуу. Медицина алсыз болгон дарттар болсо, колумдан келбейт деп сылык айтам. Бирок максималдуу түрдө дарылаганга аракет кылам. Билимим жетпей калса, Улуттук урология борборуна жиберем. Ал жактан керектүү кеңештерди алышат. Керек болсо профессорго жиберем. Кээ бир учурларда дарыгерлер чогулуп, коллегиалдуу чечим кабыл алыш керек болуп калат.

Читайте также:  Какие лекарства принимать при простатите у мужчин

Мактангандай болбоюн. Бирок бизге Астана, Алматыдан пациенттер келип турушат. Силерде урологтор жокбу деп сурасаң, Бишкекте жакшы карап, мыкты дарылай билесиңер дешет. Анын үстүнө казактар бизде дарылангандыгы үчүн кыргыз жарандарындай эле төлөшөт. Кошумча төлөм беришпейт.

Азыркы учурда скайп, WhatsApp дегенди колдонгондор көбөйдү. Аны эске алуу менен онлайн кеңеш берип келебиз. Мисалы, алыскы Баткенден пациент ооруп калса, скайп аркылуу кайрылып, ооруган жерин көрсөтөт. Ага карата биз тийштүү кеңештерди берип, кайсы анализдерди тапшыруу керектигин айтабыз. Андан соң анализдердин жыйынтыгын бизге скайптан же WhatsAppтан жиберет. Биз болсо ага дарыларды жазып беребиз. Анткени ооруканага келбей эле үйдөн интернет аркылуу дарыгерге көрүнсө болот. Эми бул нерсени мыйзам аркылуу бекемдеп, онлайн кеңеш берүүнү өнүктүрүш керек деген ойдомун. Бирок баардык эле дарттарды скайп аркылуу көрүп кеңеш бербейбиз. Айрым учурда пациентти чакырып, жакындан карап көрүшкө туура келет.

Келечекте жогоруда айтып өткөндөй, онлайн кеңеш берүү өнүгөт. Андан тышкары жарандарыбыз дарыларды врачтын көрсөтмөсү менен үйүнөн эле заказ бере баштайт. Аларга керектүү дарыларды дрондор жеткирип барышат.

Мырзалар келечекте балалуу болом дешсе, анда сөзсүз түрдө уролог дарыгерге көрүнүүсү зарыл. Өзгөчө үйлөнөөрдүн алдында бир сыйра текшерилиш керек. Эгер кандайдыр бир инфекцияны жуктуруп алып жүрө берсе, үйлөнгөндөн кийин аялын да оорукчан кылат. Эң жакшысы, жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардан сактануу керек. Мындан тышкары жаман адаттардан тамеки чегүү, насывай атуу, ичкилик жана баңгизаттарынан алыс болушса. Булардын баары эркектин ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Эгер эркек адам өзүнөн кандайдыр бир ооруну байкаса, кечиктирбей дароо дарыгерге кайрылышы абзел. Баса белгилей кетейин, 100 пайыз кепилдик берип айыктырабыз деген лицензиясы жок урологторго барбагыла. Алар алдамчылар. Ден соолугуңарды талкалап эмне кыласыңар. Өзүнүн ишин мыкты билген урологторго гана кайрылгыла.

Источник www.ktrk.kg

Кыялдын ордуна жаралчу бирөө гана бар-ал тажрыйба дешет. Чындыгында тажрыйбадан өтөөрү жок. Бул каарман өз тажрыйбасы аркылуу көптөгөн ийгиликтерди багындырып, 30 жылдан ашуун ишмердүүлүгү менен кадыр-баркка ээ . Таш-Дөбө айылындагы Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун санатория бөлүмүнүн башчысы, Саламаттыкты сактоонун мыкты кызматкери, медицина илиминин кандидаты, доцент, ага илимий кызматкер Шермамат мырзаны кепке тарттык.

—Акыркы кездерде оорунун түрлөрү жашарууда , муну алдын-ала жөнгө салууга болобу?

—Акыркы күндөрү жаштар арасында простатит, импотенция менен көп ооруй баштады. Импотенциянын күчөп кеткен оорусу тукумсуздук. Балалуу боло албай жүргөн жаштар көп. Импотенциянын негизги белгилери: эркектин жыныс мүчөсүнүн чыңалышынын начарлашы, ошондой эле уруктук суюктугунун түшүүсүнүн бузулушу. Урук суюктугу (сперма) жыныстык катнашууга чейин эле куюлуп, эркек алаптануу, дүүлүгүү менен чектелип, жыныс мүчөсүнүн чыңалышы начарлайт. Себеби өтө эле көп. Бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзү боюнча экологиянын бузулушу, полуфабрикаттар, жер-жемиштерге ГМОнун кошулушу жана башка терс көрүнүштөр таасири күч алууда. Жаштарыбыз уул-кыз дебей, мода куушуп, ден-соолугуна зыян келтирген кийимдерди кийип жатышат. Союз доорунда биз уялбай эле кийиз өтүктөрдү кийип алчубуз. Азыркы жаштарыбыз андай өтүктөрдү киймек турсун карап да коюшпайт. Кышында туфли кийип чыгып кетишет. Албетте, бутту этияттабагандыктан бут аркылуу ар кыл оорулар менен жабыркашат. Эркек органдар бири-бири менен байланышып, бирине бири өтүп жуга берет.

—Медицина улам өнүгүп жатпайбы, тукумсуздукту жоюунун жолдору барбы?

—Медицина өнүккөнү менен тукумсуздукту азайтуу жогорудагы таасир бергендерди азайтуу керек.Тукумсуздукту алдын-алуу үчүн бала бакчадан баштап , мектеп, ЖОЖдордо медициналык текшерилүүдөн өткөрүп, учётко алып, ден-соолугун көзөмөлдөө керек. Союз доорунда прафилактория деген ар бир ЖОЖдордо бар болчу.

—Көп жылдык тажрыйбасы бар кесипкөй катары айтсаңыз календарь боюнча үй-бүлөнү пландаштыруу канчалык чындыкка жакын?

Календарь боюнча эсептөөнүн 80-90%ы туура чыгат. Биринчиден, дене-тарбия машыктыруу ыкмаларын жүргүзүп туруу керек, эң негизгиси өзүн жылуу кармаш керек. Тамак-ашты керектүүлөрүн гана тандап жеп, тамеки чекпей, ичимдик ичпеш керек. Уролог катары бир мисал айтсам азыркы жаштар үйлөнүп, азыр турмуш-шартыбыз жакшы эмес, бутка тургандан соң балалуу болобуз деп аборт кылдырып салышат. Аборт кылдырган сайын жатыны жабыркап, кийин балалуу болбой калат. Кеч түшүнүшкөнү өкүнүчтүү.

Жасалма уруктандырууда уруктук суюктугунун (сперма) күчтүүлүгү канча % болуусу зарыл?

—Спермограмма жансыз жана жандуу уруктук суюктугу болуп экиге бөлүнөт. Балалуу болууну каалагандарда 70% активдүү кыймылы күчтүү уруктук суюктугу болуусу шарт. Андан кем болсо түйүлдүктүн бала болгонго мүмкүнчүлүгү аз болот.

Бөйрөктөгү таштарды операциясыз жоготсо болобу?

—Таштардын түрлөрү: оксалат, фосфат, урат, карбонат, струвит. Чөп-чардын жардамы менен түшүрүүгө мүмкүн болгон таштар бар. Бөйрөккө жабышып өскөн таштар бар, аларды операция жолу менен алуу керек. Таштардын өлчөмү кичине болсо түшөт. Эгер чоң таштар болсо анда бөйрөк менен кошо алынат. Ошондуктан, ар бир кыргызстандыктар өзүн сыйласа, жылына эки жолу жалпы кан анализин жана башка анализдерди тапшырып туруусу зарыл. Азыр үй-бүлөлүк доктур долбоору кызуу иштөөдө, ар бир жаран медициналык кароодон өтүп туруусу керек. Өз ден-соолугуна кайдыгер караган замандаштарыбыз көп, оорусу өтүшүп кеткенде кайрылган кыргыздын канына сиңген да. Эки бөйрөгү тең иштебей калганда, кайрымдуулук концертин өткөрмөй салтка айланды да калды. Ооруну алдын-алууда прафилактикалык жумуштар азыркы күндөрдө аябай начар.

Өмүр өткөн күндөр эмес, эсте калган күндөр экен. Ишмердүүлүгүңүздөгү ийгиликтерге токтоло кетсеңиз…

—Эң эле эсте калган күндөрдөн 2009-жылы Кыргызстандын эң узун жараныбыз ыраматылык Жеңишбек Райымбаев ( бою 2 метр 30 сантиметр) башка ооруканалар албай коюп, бизге аябай оор акыбалда сегиз киши көтөрүп келишкен. Аны үч керебетке араң дегенде жаткырып эки ай дегенде бутка тургузганбыз. Элден айланса болот, көп түкүрсө көл болот дегендей, жалпы жамы журт жардам беришкен. Кийим-кечеси жок экен, атайын буюртма менен кийимдери, 62 өлчөмдөгү бут кийими тигилген. Бизге жыл сайын келип дарыланып турчу. Акыркы кездерде келбей койгон. Көрсө, жышылып түшүп, бир бутунан ажырап калыптыр. Көп узабай каза болуп калды.

—Өз адисинин мыкты чеберинен “антип калды, минтип калды” деген шылтоо укпайсың. Тажрыйбалуу мыкты кесипкөйлөрдү кандай тандайсыз?

—Биздин курортологияда физиотерапия боюнча кафедра бар. Ар бир адис ушуну окуп бүткөндөн кийин гана дарылоого уруксат алат. Институтта 3-4 илимдин доктору, илимдин 10дон ашык кандидаты бар. Санатория бөлүмүндө жогорку категориядагы врачтар, жалпысынан 17 кызматкер иштейт. Бөлүмгө жылына 1000-1200 оорулуу келип кетет.

—Башка курортологиядан айырмасы барбы?

—Биз башка курортология-санатория­лардан кескин айырмаланабыз. Анткени, бизге келген ар бир бейтаптын алгач жалпы кан анализи, заара чыгаруучу анализи, кант диабетинин анализи чыгарылат, мындан сырткары (ЭКГ, УЗИнин) жыйынтыгын билип, ага диагноз коюлгандан кийин дарылоо башталат. Бизде кандай гана оору болбосун, өз дарыгери иштейт. Ооруну текшерип, кайсы дарылоо ыкмасы жакса гана ошону беребиз. Азыр көпчүлүк аялдарда миома, эркектерде аденома көп, эгер аларды текшербей туруп, баткак же парафин жазып берсек, шишиктерди ого бетер чоңойтуп жиберет. Андыктан, бүт ооруларды текшеребиз.

Маектешкен:Төлөбүбү КАСЫМАЛИЕВА

Источник chagylgan.kg

Источник