Простатит кантип дарылоо керек

Простатит кантип дарылоо керек thumbnail

#1

Пользователь офлайн
 
zamiraali

 Простатит кантип дарылоо керек

08 Май 2014 – 14:42

простатит жонундо билгендер жана ооругандар болсо жазып кетсенерhttps://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/40.gif

#2

Пользователь офлайн
 
Aydashka

 Простатит кантип дарылоо керек

09 Май 2014 – 03:19

zamiraali (08 Май 2014 – 14:42) жазган:

простатит жонундо билгендер жана ооругандар болсо жазып кетсенерhttps://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/40.gif

https://prostatit-net.com/uploads/posts/2012-08/1344169330_simptomi_hronisheskogo_prostatita.jpg

Эркектин эң негизги урологиялык ооруларынын катарына кирет.Простатит табарсык алдында жайгашкан без. Формасы боюнча жүрөк сымал келип жүрөктүн формасына окшош. Простата безине суук өтсө же кандайдыр бир жолдор менен жабыр тартса, ал сезгенип калат. Курч жана өнөкөт деп эки түргө бөлүнөт. Өнөкөт түрүндөгү простатит азыркы кезде элге белгилүү жана кеңири тараган түрү болуп эсептелинет.
Бул оору менен бир гана Кыргызстанда эмес дүйнө жүзү боюнча көп эркектер жабыр тартып келишет. Оору эркектердин жүрүм-турумуна,
мүнөзүнө, денсоолугуна түздөн-түз терс таасирин тийгизгендиктен,
адамдын да психологиясы өзгөрөт.

Эң башкысы спорт менен машыгыш керек. Бул оорунун душманы болуп кыймылсыз абал эсептелинет.
Буга айдоочулар,
отуруп иштеген кеңсенин жумушчулары,
студенттер кирет. Баш аламан жыныстык катнаштан алыс болуу зарыл. Сууктан сактануу керек. Көбүнчө жаш балдар кышкысын суук өткөзүп алышат. Мисалы, жука кийинип жүрүү, бут кийимден тамандан сыз өтүү. Карыган адамдардын стресске кабылышы , капа болуу да простатитке алып келет.

Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 09 Май 2014 – 03:21

#3

Пользователь офлайн
 
Kanat.tls

 Простатит кантип дарылоо керек

19 Май 2014 – 14:59

Бул оорунун белгилери кандай?

#4

Пользователь офлайн
 
TGA

 Простатит кантип дарылоо керек

26 Май 2014 – 12:45

Мен эки жылдан бери ушул ооруу менен ооруп келем. Медицина убактылуу эле токтотот. Элдик медицина жакшы деп угам. Билсениздер жардам бериниздер.
Алдын ала рахмат!

#5

Пользователь офлайн
 
Feijipiao

 Простатит кантип дарылоо керек

26 Май 2014 – 13:09

Простатитти учурунда дарылатпай жүрө берсе, простата бези басканда ооруп, заара ушатканда сызылып чыгып, чогулган шлактардын бөйрөккө чогулуп, таш болушуна шарт түзөт. Бул илдет өтүшүп кетсе, операция жасалат. Бирок, операция болгондон кийин эркектер мурдагыдай жыныстык катышта боло албай калат. Ооруканага кайрылгандардын көпчүлүгүн врачтар күчтүү антибиотик менен дарылайт. Ал антибиотиктер боорго, бөйрөккө терс таасири тийиши мүмкүн.

#6

Пользователь офлайн
 
Topcubai

 Простатит кантип дарылоо керек

26 Май 2014 – 13:29

простатит менен кобунчо жашы улгайгандар ооручу эле,азыр жаштар дагы ооруй баштаптыр,окунучтуу

#7

Пользователь офлайн
 
TGA

 Простатит кантип дарылоо керек

26 Май 2014 – 15:29

Topcubai (26 Май 2014 – 13:29) жазган:

простатит менен кобунчо жашы улгайгандар ооручу эле,азыр жаштар дагы ооруй баштаптыр,окунучтуу

Билген элдик даарыларды жазсанар жакшы болмок

#9

Пользователь офлайн
 
kg.alabuka

 Простатит кантип дарылоо керек

27 Май 2014 – 00:28

Кургатылган петрушканын тамырын майдалап 4 чай кашыкты бир стакан кайнак сууга салабыз 15 минуттан кийин дары даяр болот.Аны кунуно уч жолудан тамактан жарым саат алдын бир кашыктан ичуу керек.

#10

Пользователь офлайн
 
kg.alabuka

 Простатит кантип дарылоо керек

27 Май 2014 – 00:36

Мен простатиттен кантип айыктым? Менин атым Аскат, 35 жаштамын. Простатит деген сөздү кулагымдын сыртынан эле кетирип жүргөнүм болбосо, 2008-жылга чейин ал оору тууралуу такыр маалыматым жок болчу. Дал ушул жылы бул дартка чалдыгып калдым. Башка түйшүк түшүп кыйналдым. Өзүмдү толук кандуу эркек катары сезе албай калдым. Догдурга барып текшерилдим,
анализдерим простатит болуп чыкты. Бирок, дарыланууга эмнегедир намыстанып койдум. Анан бир күнү шаардын четинде жашап, чөптөрдөн дары жасап саткан бир орус кемпир менен кокусунан таанышып калдым. Уятты жыйыштырып коюп эле “простатитке жардам бере аласызбы?”
деп сурадым. Сураганым жакшы болгон экен. Дал ошол рецептти сиздерге сунуштайм. 1-рецепт. Майдаланган петрушканын тамырынан 4 чай кашыкты 1 стакан кайнак сууга салып, 15 мүнөт коюп коет. Даяр болгон суюктукту тамактануудан жарым саат мурун 1 аш кашыктан күнүнө үч жолудан ичүү керек. 2-рецепт. Петрушканын жарым аш кашык уругун майдалап, бир стакан кайнак сууга салып, 8 саат коюп кою керек. Бул суюктукту бир аш кашыктан эртеден кечке иче берсе жыйынтык жакшы болот. 3-рецепт. 20 күн бою, бир күндө үч жолу жарым аш кашыктан петрушка жалбырагынын согун ичүү керек. Он күн тыныгуудан соң, бул дарылоону кайрадан кайталоо зарыл. Бул дарыны ичүүнү үч жолудан ашырбаган туура. Дарылануу учурунда пияз, сарымсак жана балды көбүрөөк жеген пайдалуу. Кошумча жардам болсун үчүн алоэ жана каланхоэ ширесин ичкен дагы туура. Алгач, биринчи жана экинчи рецептти такай ичтим. Кийин аларды бекемдөө үчүн үчүнчүсүн кошо ичип жүрдүм. Бир канча убакыт өткөндөн кийин кайрадан текшерилмекке бардым, анализдерим таза чыкты. Мына ошондо мен өзүмдү кандай бактылуу сезгенимди айтпагыла.

#11

Пользователь офлайн
 
kg.alabuka

 Простатит кантип дарылоо керек

27 Май 2014 – 00:51

Ал эми мезгилдин актуалдуу ооруларынын бири болгон простатит оорусу кандай оору? – Туура айтасыз, бүгүнкү күндөрү простатит оорусу өтө актуалдуу проблемага айланды. Урология борборуна кайрылган статистикасын карап туруп, үч эркектин экөөсү простатит менен ооруйт десек болот. Простатит -бул урук сактагыч бездеринин оорусу. Ал суук тийүүдөн, инфекциялык оорулардын күчөшүнөн келип чыгат. Тилекке каршы, эркектердин ишке жана сексуалдык активдүүлүгү күчөп турган 25-40 жаш аралыгында простатит дарты көп учурайт. Кейиштүүсү 20 жашка чыкпай жигиттер тукумсуздукка кабылышууда.
– А эмнеге мындай көрсөткүчтөргө жетиштик? – Биринчиден,
эркектердин ден соолугуна кылган шалаакы мамилеси. Экинчиден, менталитетибиздеги уялуу, корунуу комплекстери.
Үчүнчүдөн, кендирди кескен акча маселеси бул оорунун күчөшүнө түрткү болууда. Анан акчасы барлары деле досторунан угуп алып, ал алган дары, ийнелерди пайдаланып дарыланышат.
Бирок, өз алдынча дарылануу туура эмес. Атайын бизге келип көрүнүп, анан анализдерге жараша ден-соолукка кам көргөнүбүз оң да. Булардан сыркары, түнкүсүн компьютерде иштөө, суук күндөргө арактын күчү менен сууга түшүү, кыш күндөрү даарат алар соң жыныстык мүчөнү кургатпоо простатиттин өтө оор – өнөк простатит формасына алып келет. -Өнөкөт простатиттин белгилери кандай болот? – Урук бези туруучу калтада, жыныс мүчөсү менен арткы тешиктин ортосунда, жыныс мүчөнүн учу заара кылбай турган учурда көп-көп ооруй баштаса, анда сиздеги простатиттин өнөкөт простатитке айланганынын белгиси. Мындан тышкары эякуляция (урук түшүрүү) маалында ыңгайсыздык же оорутуу сезилсе, заара ушатып жатканда ачышып оорутса, булар дагы өнөкөт простатиттин белгилери. Ошондуктан,
эркектер ден-соолукка олуттуу көңүл буруп, өз алдынчалуулукту таштап, врачтан кеңеш алып турганы жакшы. Себеби, өнөкөт простатит тукумсуздукка алып келген факторлордун бири.

#12

Пользователь офлайн
 
TGA

 Простатит кантип дарылоо керек

27 Май 2014 – 08:15

Ассолому алейкум форумчулар!
Таш баканын жумурткасы менен даарыланганда ким билет?

#13

Пользователь офлайн
 
jass00

 Простатит кантип дарылоо керек

18 Август 2014 – 14:50

Apamda ooruitda uwul ooru mn

#14

Пользователь офлайн
 
alisherchik

 Простатит кантип дарылоо керек

18 Август 2014 – 18:25

jass00 (18 Август 2014 – 14:50) жазган:

Apamda ooruitda uwul ooru mn

))))))))
аялдарда простата бези жок ко )))

#15

Пользователь офлайн
 
alisherchik

 Простатит кантип дарылоо керек

18 Август 2014 – 18:30

Простатанын себебптери бир канча:

1) эртеден кечке отура берген. кыймыл болуш керек.
2) суук тийип калышы да ыктымал. сууктан коргонуш керек.
3) корунгон кызга барбаш керек, жыныстык катнаштан инфекция жугузуп аласынар.
4) Минетти (оозуна алганды) жакшы коргон кээ бир кыздарды оозунда да инфекция болот, шилекейинде.
Бир жыргап минет жасатам деп, бездеринерге инфекция кирип кетет. Кулбогуло, медицинада ушундай кыздар менен обушуп, стоматит болуп ооругандар да бар.

#16

Пользователь офлайн
 
Dadin1

 Простатит кантип дарылоо керек

18 Август 2014 – 19:12

  • Перейти к блогу
  • Тайпасы:
    Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү:
    1 262
  • Катталган:
    30 Июнь 14
  • Соңку аракети:
    19 Фев 2015 00:47
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Планета Земля

alisherchik (18 Август 2014 – 18:30) жазган:

Простатанын себебптери бир канча:

1) эртеден кечке отура берген. кыймыл болуш керек.
2) суук тийип калышы да ыктымал. сууктан коргонуш керек.
3) корунгон кызга барбаш керек, жыныстык катнаштан инфекция жугузуп аласынар.
4) Минетти (оозуна алганды) жакшы коргон кээ бир кыздарды оозунда да инфекция болот, шилекейинде.
Бир жыргап минет жасатам деп, бездеринерге инфекция кирип кетет. Кулбогуло, медицинада ушундай кыздар менен обушуп, стоматит болуп ооругандар да бар.

Туура айтасын буга кулуштун кереги жок,ар кандай аспапты соргон ооздо кандай гана микроптор топтолот .. сордурам деп СПИД болуп калгандар деле бар экен.

#17

Пользователь офлайн
 
Maero

 Простатит кантип дарылоо керек

20 Август 2014 – 01:50

jass00 (18 Август 2014 – 14:50) жазган:

Apamda ooruitda uwul ooru mn

бул эркектерге тиешелуу оору. кап этпе апан цистит болуп ооругандыр.

#18

Пользователь офлайн
 
Feijipiao

 Простатит кантип дарылоо керек

31 Октябрь 2014 – 13:39

Простатит деген эмне?
– Простатит табарсык алдында жайгашкан без. Формасы боюнча жүрөк сымал келип жүрөктүн формасына окшош. Простата безине суук өтсө же кандайдыр бир жолдор менен жабыр тартса ал сезгенип калат. Курч жана өнөкөт деп эки түргө бөлүнөт.
Өнөкөт түрүндөгү простатит азыркы кезде элге белгилүү жана кеңири тараган түрү болуп эсептелинет.
Бул оору менен бир гана Кыргызстанда эмес дүйнө жүзү боюнча көп эркектер жабыр тартып келишет. Оору эркектердин жүрүм турумуна, мүнөзүнө, ден-соолугуна түздөн түз терс таасирин тийгизгендиктен адамдын да психологиясы өзгөрөт.

Алгачкы белгилери
– Бул оору менен ооруй баштаган адамдын мүнөзү, өзүн алып жүрүшү жүрүм туруму өзгөрүп алсыроо, тез чарчоо пайда болуп, зара кылганда ачыштырат. Өзүн ыңгайсыз сезет, зара кылып бүткөндөн кийин табарсыкта зара калып калгандай сезилет. Ачыштырып оорутат жана температура көтөрүлүшү мүмкүн. Жумурткалар,
бел, жамбаш менен омурткалар кошулган жер ооруйт. Анан биринчи кезекте эркек киши простатити бар экендигине эч качан ишенбейт. Анткени, простатит менен эркек ооруса эркек болбой калат деген тескери айтылган сөздөрдөн улам психологиялык жактан жабыркайт. Көпчүлүк маалда ден-соолугу бекем адам катары келишет, анан анализдерин алып, тактап суроолорду берип ошол суроолорго жооп берип жаткан убакта аныктай баштайбыз. Ошондо гана бейтаптар өзүнүн простатит менен жабыркап жүргөнүнө ынанышып, ден-соолугуна көңүл бура башташат.

Алдын алуу
– Спорт менен машыгыш керек. Эң негизги душманы болуп кыймылсыз абал эсептелинет (буга айдоочулар,
отуруп иштеген кеңсенин жумушчулары,
студенттер кирет). Баш аламан жыныстык катнаштан алыс болуу зарыл. Сууктан сактануу керек. Көбүнчө жаш балдар кышкысын суук өткөзүп алышат. Мисалы, жука кийинип жүрүү, бут кийимден тамандан сыз өтүү. Карыган адамдардын стресске кабылышы , капа болуу да простатитке алып келет. Ичкен тамактары да жетиштүү болуш керек. Экологиялык таза тамак-аштарды колдонуу менен атайын витаминдерди пайдалануу бул оорунун жолун бөгөйт.

Репродукция борбору
– Бизге көбүнчөсү балалуу боло албай жүргөн жубайлар кайрылышат.
Башка ооруканалардан айырмасы аялы менен күйөөсүн тең бул жактан дарылайбыз.
Себеби, дегенде аялы дарыланып бирок, күйөөсү даарыланбаса кайрадан күйөөсүнөн аялына жугуп баягы оору менен жабыркайт. Ошондуктан бизде башында келгенде эле айтабыз чогуу келгиле же башка жакка дарылангыла деп. Жубайларды бир мезгилде дарылоо эффективдүү жыйынтык берет.

Простатит кантип пайда болот?
– Баш аламандык жыныстык катнашта болуу анын туура эмес жолдорду колдонгондон сактанбагандан (жыныс каптарды колдонбогондон) жана туруктуу эмес жыныстык жашоо жана башка дагы көптөгөн көйгөйлөр бар. Мындай карасак өмүр бою аялы менен жашап жүргөн эркектер деле ооруйт. Алардын простатасына суук тийип анысын дарылабай жашап жүрө берет. Адам ооруган мезгилде көпкө чейин чыдап жүрө берсе ал оору басылып калат дагы жыныстык жактан көйгөйлөргө алып келет.

Дарылоо жолу
– Жаш жигиттер курч простатитке чалдыгат. Аларга ичкенге жана сайганга даарыларды сунуш кылабыз. Негизи 60-70 жаштагы адамдар аденома простатага туш болот аны операциялык жол менен дарылайбыз.
Биз азыр жаш балдар кайрылганда түшүндүрүп айтып беребиз. Бирок көптөрү дарылангысы келишпейт. Өзгөчө кыргыз балдар көп ишене бербейт. Ишенген күндө да материалдак абал дарыланганга жол бербейт. Көпчүлүк жаштар дарылоону баштап коюп аягына чыкпай өнөкөткө айландырып коюшат. Убагында даарыланбаса тукумсуздук көйгөйү менен кошо импотенцияга алып келет дегенде гана коркуп дарыланат.

#19

Пользователь офлайн
 
bossmos7

 Простатит кантип дарылоо керек

31 Октябрь 2014 – 13:52

Feijipiao (31 Октябрь 2014 – 10:39) жазган:

Баардык дарыгердик кенештерде Сиздин жазган пикиринз мыкты. Негизи азыркы койгой. Суук тийип дагы калышы мумкун. Бирок эн башкысы №1 – Баш аламандык жыныстык катнашта болуу анын туура эмес жолдорду колдонгондон сактанбагандан (жыныс каптарды колдонбогондон) жана туруктуу эмес жыныстык жашоо жана башка дагы көптөгөн көйгөйлөр бар.

#20

Пользователь офлайн
 
bekali

 Простатит кантип дарылоо керек

14 Февраль 2015 – 01:31

Саламатсыздарбы кээде кошулуу убагында уруктук тушконго чейин эле соолуп калат(ардайым эмес) эмне болгодон улам ушинтип калат

Источник

№234 27-апрель-3-май, 2007-ж.

ПРОСТАТИТТЕН КАНТИП ДАРЫЛАНУУГА БОЛОТ?
– Мен учурда простатиттен азаптанып жүрөм. Ошондуктан, үйдөн колдон оңой эле жасап алууга боло турган дарылар бар болсо аларды кантип жасап, канча өлчөмдө ичүү керек экендигин айтып берип коёсуздарбы? Капаш, Токтогул.
Эркектин жыныс бези сезгенгенде (простатит болгондо) төмөндөгүдөй элдик медициналык ыкмалар менен дарыланууга болот:

1. Жарым чай кашык кадимки эле бакчада өскөн петрушканын уругуна 2 стакан кайнатылып, муздатылган сууну куюп, 8-10 саатка чейин тундуруп коюу керек. Анан 3 катар дакиден сүзүп алып, 3 аш кашыктан күнүнө 3 маал тамак ичээрге 30 мүнөт калганда ичүү зарыл. Дарылануу курсу бир ай.
2. Жаңгактын кургатылган жалбырагын улпактай майдалап алуу кажет. Анан 2 аш кашык майдаланган жалбыракты термоско салып алуу керек. Эми үстүнө 0,5 литр кайнаган ысык суу куюлуп, бир саатка демделет. Анан дакиден сүзүп алып, күнүнө 3 маал тамак ичээрге 30 мүнөт калганда бир аш кашык менен ичүү туура. Муну туура бир ай ичүү керектелет. Анан 10 күн эс алып, кайра 10 күн ичүү кажет. Ушундай дарылануу курсун 3 жолу кайталоо зарыл. Анан 2 ай толук эс алып, кайра дарылануу курсун 3 ирет кайталоо туура. Болгону, жаңгактын жалбырагын май же июнь айынын ортосуна чейин гана чогултуп, көлөкөдө кургатып алууга жетишүү зарыл.
3. Жарым литрлик банканын төрттөн үч бөлүгүнө чейин (4/3) жаңгактын данегин бөлүп туруучу ичке, жука кабыкчасы (жаргакчасын) салынат. Анан банка толгонго чейин аракты куюп, 2 жумага чейин тыныктырылат. Эми дакиден өткөзүп сүзүп алып, күнүнө бир чай кашыктан эртең менен, кечинде ачкарын ичүү зарыл. Ошентип, банкадагы жаңгактын ширесин түгөтүп ичип бүтүү керектелет.
4. 200 грамм кадимки эле байтеректин кургатылган кабыгын майдалап туруп банкага салып, үстүнө 0,5 литр арак куюу керек. Бир жумага чейин ширеси чыккыча сактоо талапка ылайык. Анан дакиден сүзүп алуу кажет. Күнүнө 3 маал тамактан 30 мүнөт мурда 20 тамчыдан, 15-20 миллилитр аракка кошуп туруп 3 ай тынбай ичүү керек. Шире түгөнүп калса, кайра-кайра жасай берүү кажет. Бул эркектин жыныс бези берч болуп калганда (аденомого айланып) да жакшы жардам берет. Болгону, байтеректин кабыгын жазда эмес, июнь айынын этегинде кабыгы ширеге толуп турган кезде сыйырып алып кургаткан туура. Эскертип кетүүчү нерсе, аталган ыкмадагы дарыны уйку бези сезгенгендерге (панкреатит), кант диабети барларга жана аракечтерге ичүүгө болбойт.

Мени жыттар дүүлүктүрөт…
Мен жыныстык жактан кошулаарда аялымды эркелетүү менен кошо бутун жана ал кийип жүргөн колготкисин жыттагым келе берет. Минтүү мени аябай дүүлүктүрөт, бирок, аялым “сенин мындай адатың оору болушу мүмкүн, текшерил” дей берет. Менде чындап оору барбы? Эмил, Карабуура.
– Сизде эч кандай оору жок. Төшөктө ар бир адамды ар кандай жыт дүүлүктүрөт. Көбүнчө бир жытты жакшы көрүп калууда алгачкы нике түнүндөгү же өзгөчө романтикалуу кошулуу кезиндеги жыттар ролду ойнойт. Мисалы, бирөөлөр ошол түндөгү аялынын атырынын жытынан башы тумандап, кийин да ал жытты жыттаганда эле дүүлүгө баштайт. Эми сиз жубайыңызга бул тууралуу айтып түшүндүрүңүз да, төшөктө эркин дүүлүгүүгө жете бериңиз.

“Алигини” бир күндө канча жолу жууш керек?
– Жыныс мүчөнү кантип күтүү керек? Тагыраак айтканда эң жөнөкөй гигиеналык эрежелери кандай? “Алигини” бат-баттан толук жууш керекпи же башын эле жууп койсо болобу? Жууганда самындаш керекпи? Жеки, Атбашы.
– Өспүрүмдөр үчүн жыныс мүчөнү эртең менен жана кечинде жылуу суу менен жуу талапка ылайыктуу. Самын менен чаң жерде жүргөндө, чаңда иштегенде гана жууган туура. Анткени, самын “алигинин” башынын терисин кургатып жиберет. Эгер мүмкүн болсо, ар бир заара ушаткан сайын “алигини” жууп турса ашыкча болбойт.

Велосипед тепсе жыныс кыны кичирейеби?
– Мен секс менен көп алагдыланам. Ошондуктан, жыныс кыным чоңоюп кетти. Эми шеригим менден рахат албай калат го деп сарсанаага түшүп жатам. Эмне кылуу керек деп тааныштарымдан сурасам, “велосипед тепсең жыныс кының кичирейет” дешүүдө. Чындап эле велосипед жардам береби? Сака, Ташкөмүр.
Секс менен көп алагдылануу жыныс кынын чоңойтуп жибербейт. Мында кептин баары булчуңдардын жакшы иштебегенинде.Булчуңдар чымыр болуп, жыныс кыны кичинекей өлчөмдө болуп туруусу үчүн көнүгүүлөрдү жасоо талап кылынат.Мисалы, курбуларыңыз айткан велосипед тебүүнү түз мааниде кабыл албай, велосипед тебүүнү чагылдырган көнү­гүү­нү жасаганыңыз оң. Ал үчүн чалкадан жатып,бутту өйдө көтөрүп велосипед тепкендей кыймылдарды жасоо керек.

Мурутумду терип туура эмес кылдымбы?
Менин эринимдин үстүндө өңү каралжын тарткан түк бар болчу. Аларды мен искек менен терип салдым эле, ордуна кайра капкара болгон түктөр өсүп калды. Эми “эмне кылсам?” деп баш катырып жатам. Муруттан кантип кутулсам болот? Эка, Сокулук.
– Аябай эле тынчсыздануунун кереги жок. Көптөгөн кыз-келиндердин эрдинин үстүндө түктөрү бар жана бул кадимкидей көрүнүш катары кабыл алынат. Ал эми түктөрдү терип салгандан кийин өңүнүн өзгөргөнү – болгону, сенин бойго жеткениң. Бирок, айта кетүүчү нерсе, эриндин үстүндөгү түктөрдү эч качан терүүгө жана кырууга болбойт. Андан көрө түктөрдөн арылтуучу атайын кремдерди колдонуу кажет. Эми сиз косметика салонуна кайрылышыңыз керек.

Эркекке окшоп баратам…
– Менин турмушка чыкканыма жарым жыл болду. Ушул убакыт ичинде мен эркекке, тагыраак айтканда, күйөөмө окшошуп баратам. Анткени, бутумда, колумда түктөр көп өсүп, күйөөмдүкүнө окшоп тиштеримдин ортосу да ачылып калды. Мүмкүн бул биз презерватив колдонбогонубуздан эмеспи? Сани, Жалалабат.
– Сиздин түктүү болуп жана тиштериңиздин ачылып баратканына күйөөңүздүн жана презервативдин эч кандай тиешеси жок. Түктүү болуп баратканыңыз организмиңиз тестостеронду (эркек гормондор) көбүрөөк иштеп чыгара баштагандан болушу мүмкүн. Так диагнозун билүү үчүн гинекологго кайрылууңуз кажет. Ал эми тиштериңиздин абалы күйөөңүздүкүнө окшошуп калганы – дал келүүчүлүк.

“Супер-Инфо” гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу “Супер-Инфо” гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Источник